Ошто издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бир нече адамдын мүлкүн жана акчасын алдап кеткен. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен бир нече кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү тарабынан келтирилген зыяндын көлөмү 2,5 миллион сомдон ашык экени аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Натыйжада шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана мурда бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

11.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан