Касымалиев Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен экономиканын келечектүү багыттары боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Өз кезегинде Аль Мазруи эки тарапты кызыктырган тармактарда жана долбоорлордо мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын өзгөчө белгилеп, бул жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, инфраструктура жана инвестиция тармактарында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция тартууга, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан