Бишкек шаарында адам уурдаганга шек саналып 25 жана 28 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда шаардык милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар 27-январда болжол менен саат 21:30 чамасында Жал айылынан 17 жаштагы баланы Honda FIT үлгүсүндөгү унаага мажбурлап салышып, аны белгисиз тарапка алып барышкан жана ал жерден өспүрүмдүн денесине залал келтиришип, баасы 15 миң сомду түзгөн iPhone X үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган. Бишкек милициясы шектүүлөрдөн жабырлануучуга таандык телефон жана жогоруда аталган унаа алынганын белгилеп, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.