Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израиль палестиналыктарга согуш учурунда келтирген зыяндын ордун толтуруп бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал Малайзияда өлкөнүн премьер-министри Анвар Ибрагим менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
"Биз эл аралык маселелерди, өзгөчө Палестина маселесин дыкат талкууладык. Мурдагыдай эле, Тель-Авив жакында кол коюлган ок атышпоо келишими боюнча берген убадаларын аткарган жок. Палестина жерлерин оккупациялоону токтотушу керек жана келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек", - деп келтирет анын сөзүн ТАСС агенттиги.
Эрдоган көз карандысыз Палестина мамлекетин 1967-жылдагы чек ара боюнча түзүү маанилүү экенин белгилеген.
"Түркия жана Малайзия Палестинаны колдоо аракеттерин улантат. Биз Малайзиянын Газа тилкеси жана Палестина боюнча позициясын жогору баалайбыз", - деп кошумчалаган түрк лидери.