АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффтун учагы Москвага конду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Flightradar агенттигинин маалыматына караганда, Уиткоффтун Gulfstream G650ER бизнес учагы Москванын "Внуково" аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында конгон.
Өз кезегинде Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлде Трамптын атайын өкүлүнүн Москвага келиши тууралуу маалымат жок экенин билдирди.
Айта кетсек, Стив Уиткофф- америкалык бизнесмен, коммерциялык кыймылсыз мүлк тармагындагы инвестор. 2024-жылдын декабрында ал АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган. Ал эки айдын ичинде Израил менен Хамастын ортосунда тынчтык макулдашуусуна жетишкен.