Министрдин орун басары жылуулук тарифи жыл сайын көтөрүлөрүн айтты

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жылуулукка болгон тариф жыл сайын көтөрүлүп турарын билдирди.

"Президентибиздин "2028-жылга чейин өз наркына жетиши керек" деген тапшырмасынын негизинде жылуулук боюнча тарифтик саясатын иштеп баштадык. Бүгүнкү күндө конкреттүү цифралар жок. Бизге коюлган тапшырманын негизинде тариф жыл сайын өсүшү керек", - деди Керимов.

Ал тариф саясаты жайга чейин иштелип бүтөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 11.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан