Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оманга болгон расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Фейсал Аль-Равас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Анда Кулубаев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берип, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Ошондой эле ал Оман Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын жана делегациясын 2025-жылдын 30-июнда – 1-июлда өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши” форматындагы инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.
Мындан тышкары министр Оман тарапка Кыргызстандагы келечектүү тармактарга, анын ичинде гидроэнергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Фейсал Аль-Равас эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуусун жандандыруу боюнча демилгени колдой турганын белгилеп, жакынкы аралыкта Оман Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы менен Кыргызстанга келүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Оман ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкерлердин байланышын чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.
Белгилей кетсек, ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев кечээ, 11-февралда Оманга расмий сапар менен барган.