Трамп чет элдик аткаминерлерге пара берүүгө уруксат берди

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык компанияларга чет мамлекеттердеги аткаминерлерге пара берүүгө тыюу салган мыйзамдын аткарылышын убактылуу токтотуу буйругуна кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШ лидери Юстиция министрлигин 1977-жылы кабыл алынган мыйзамды аткарбоого милдеттендирген. Анткени Трамп америкалык ишкерлер пара берүүдөн корккондуктан башка өлкөлөрдө атаандаштарына утулуп жатат деп эсептейт. Буйруктун текстинде аталган мыйзам АКШнын кызыкчылыгына зыян келтирери белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан