Казакстанда наристе батарейка жутуп алып, чарчап калды

Казакстандын Кызылорда шаарында бир жарым жаштагы кыз ооруканада чарчап калды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, кыз эки жумадан ашык облустук инфекциялык ооруканада жаткан. Ал арада дарыгерлер анын абалынын начарлашынын себебин аныктай алышкан эмес.

Апасынын айтымында, дарыгерлер рентгенде бөтөн нерсени байкабай, кызды бронхитке дарылашкан, ал эми анын абалы тездик менен начарлап, тамак, суюктуктарды иче албай, чарчап калган.

Наристенин апасы 18-январда кызы эртең менен ботко жеп, андан кийин кусуп баштаганын билдирген. Ал кызы жаңгактарга какап калды го деп анчейин көңүл бурган эмес.

"Бир нече убакыттан кийин 5-7 жолу кусканы кайталанды. Биз "Тез жардам" чакырдык. Дарыгерлер ооруканага барууну сунушташты. Бирок биз андан баш тартып, үйдө өзүбүз эптейбиз дедик. Бизге дары жазып беришти. Андан соң кызым өзүн жакшы сезип, атүгүл ойной баштады. Бирок түндө дене табы көтөрүлүп, "Эфералган" свечасын койдум. Эртеси мезгил-мезгили менен дене табы көтөрүлүп, кечке жуук кызым такыр алсырап калды. Биз кайрадан "Тез жардам" чакырдык", - деген апасы.

Ооруканада кызга антибиотиктер берилип, тамчылатма дары коюлган. Алар 23-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылган. Бирок эртеси ымыркай кайрадан ооруканага жаткырылган. Анда ал дем алганда кышылдап, жөтөлүп, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлгөн. Дем алыш күндөрү кыздын абалы кескин начарлап кеткен.

"Ал катуу жөтөлүп, кышылдаганы токтогон жок. Кызым тамак жеген жок, суу ичүүнү да каалабады. Дарыгерлер рентгенге түшүрүштү, бирок анын сүрөтү (снимок) кайдадыр жоголуп кетти. Анын жыйынтыгы менен бизге бронхитти дарылоону жазып беришти. 28-январда анын сатурациясы 82ге түшүп кетти. Рентгенолог кызымда пневмония бар деп болжолдоп, эртеси кызымды көрсөтмөлөрдүн негизинде ал жакка которушту", - деген ал.

Апасы 31-январда кызы көзүн ачпай калганын айтат. Ошол күнү кечинде гана ага дарыгерлер анын абалынын начарлашынын себебин акыры аныкташканын айтышкан. Экинчи рентгенде анын кекиртек аймагында бөтөн зат табылган. Кыз облустук көп тармактуу балдар ооруканасына жеткирилип, балдар хирургу чакырылган.

"Адатта 10-15 мүнөткө созулган операция көпкө созулду. Көрсө, ал тыйын эмес, кнопка батареясы экен. Дарыгер мага эки жуманын ичинде ал кекиртекте болгондугун, кызыл өңгөч менен трахеянын ортосунда тешик пайда болгонун түшүндүрдү. Мындан улам баланын жегенинин баары түз эле өпкөсүнө кирип кеткен. Тез арада операция жасоо талап кылынат дешти. Андан соң операция телемедицинанын аркасы менен Алматыда жасаларын айтышты", - деген наристенин апасы.

Эртеси дарыгерлер кыздын абалы начарлап кеткендиктен операцияны жеринде жасоо керектигин, бирок кепилдик берилбесин айтышкан. Тилекке каршы, дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Кыздын апасы наристеси кимдин күнөөсү менен чарчап калганын аныктоого ниеттенүүдө. Ал Кызылорда шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Ал эми укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, наристенин өлүмү боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан