
Өлкө аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылды. Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.