Нетаньяху ХАМАСты Газада кайра согуш баштаарын айтып коркутту

Палестиналык ХАМАС кыймылы 15-февраль түшкө чейин барымтадагы израилдиктерди бошотпосо, Тель-Авив Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерин кайра баштоого даяр. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскердик кабинеттин жыйынынан кийин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Эгер ХАМАС биздин барымтадагыларды ишемби күнү түштөн кийин кайтарып бербесе, анда ок атышпоо келишими токтойт жана Израил ХАМАС акыры жеңилгенге чейин согушат", - деген ал.

Нетаньяху барымтадагы канча израилдик бошотулушу керектигин так айткан эмес. Израил менен палестиналыктардын ортосундагы элдешүүнүн биринчи этабынын алкагында ишемби күнү барымтадагы 9 израилдик бошотулушу керек. Ок атышпоо келишими январдын ортосунан бери күчүндө.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп ХАМАС кыймылынан ишемби күнү түшкө чейин бардык барымтадагыларды бошотууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан