Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Айта кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан эки адам каза болгону маалымдалды.