"Кыскартуу керек". Депутат ашыкча мааракелер көп болуп жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Маданият министрлиги жер-жерлерде ашыкча мааракелерди өткөрүп жатаканын айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда аймактарда өткөрүлүп жаткан ашыкча мааракелердин санын кыскартып, белгилүү гана даталарды белгилөө керек.

"Маданият министрлигине айтып коюш керек, жер-жерлерде мааракелерди өткөрүүнү кыскартуу керек. Тарыхтагы ата-бабаларды даңазалоо биздин милдет, бирок так даталуу мааракелерди гана өткөрөлү. 100-200-1000 жылдык дегендерди гана белгилейли. Кээде 123 жыл, 36 жыл дегендер башталды. Буларды кыскартуу керек. Элди кыйнай бербеш керек да", - деди депутат.

Депутат маракелер өтө көп болуп жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан