Депутат Кытайдан келген катализаторлордун сапатынан күмөн санайт

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, Кытайдан катализатрлорду сатып алууну токтотуу керектигин айтты.

Ал сапатынан күмөн санап жатканын белгиледи.

"Катализаторду кантип, кайсы каражатка алып келебиз, алмаштыруу механизмдери иштелип чыктыбы? Эч ким маалымат берген жок. Болгону "5 миң сом кетет" деп айтып жатышат. Мен өзүм эсептеп көрдүм, бул үчүн чоң каржылык каражат керек. Шашылбай турсак", - деди Эгембердиев.

Ошондой эле эл өкүлү буга чейин Бишкек шаарында абанын булганышына унаалардын канчалык тиешеси бар экенин текшерүү үчүн бардык транспортторду бир суткага токтотууну сунуштаганын эске салып, сунушуна өкмөт тарабынан эч кандай жооп болбогонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан