
Саламаттык сактоо министрлиги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунан өрттөн улам эвакуацияланган бейтаптардын абалы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, окуя болгон учурда аталган жайда жалпы 104 адам (50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер) болгон.
Ал жактан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды. Анын ичинен:
- 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү;
- 2 бейтап Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө которулду;
- Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап (8 чоң адам жана 7 бала) жайгаштырылды;
- Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Тилекке каршы, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай, 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Айта кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт
чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук
өчүрүлгөн. Кырсыктан эки адам
каза болгону айтылды.