Тажикстанга өтүп кеткен 20 баш эчки кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Лейлек районунун 56 жаштагы тургунунун эчкилери Раззаков айылында чек ара тилкесинде оттоп жүрүп, Тажикстандын Селкен айылына кирип кеткен. Мындан улам Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 10-февралда эчкилерди кайтарып, өз ээсине тапшырган.
Облустук милиция бул ишке Кулунду чек ара кызматынын кызматкерлери да көмөктөшкөнүн кошумчалады.