Аргентиналык атактуу футболчу Серхио Агуэро Чемпиондор Лигасындагы "Реал Мадрид" менен англиялык "Манчестер Сити" футболдук клубдарынын беттешине өзгөчө коюм койгон.
Тагыраагы, аргентиналык футболчу "Реал Мадрид" утса урукчасын кесерин айткан. Эң кызыгы, бүгүн, 12-февралга караган түнү өткөн оюнда "Реал" англиялык команданы 2:3 эсебинде жеңип алды.
"Реал Мадрид" "Манчестер Ситини" жеңе албайт. Эгер алар Ситини жеңсе, мен урукчамды кесип салам", - деген Агуэро Som I Serem подкастында.
Учурда Агуэронун бул сөзү кызуу талкууланууда. Футболчу оюндан кийин үн ката элек.
Агуэро 2011-жылдан 2021-жылга чейин "Манчестер Ситиде" ойногон жана бул команда менен аргентиналык футболчу беш жолку Англия чемпиону, Англия Кубогунун жеңүүчүсү жана Англия Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү болгон.