Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун билдирди.
Анын айтымында, окуя 21-январда мектептин ажатканасында болгон.
"14 жаштагы баланы чоң балдар ур-токмокко алып, ал жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жана ошол жерде көз жумган. Тилекке каршы, балага ошол жерден жардам көрсөтүүгө аракет кылышканына карабай кеч болуп калган. Мектеп жетекчилиги, милиция кызматкерлери милдеттерин кыянаттык менен пайдаланышып, камераларды өчүрүшкөн", - деди Нарматова.
Эл өкүлү бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.