Блогерлер эл алдындагы жоопкерчилигин сезип, жарнама кылууда кылдаттык менен мамиле кылышы зарыл. Мындай пикирин эл өкүлү Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-февралдагы жыйынында билдирди.
"Блогерлер өздөрүнүн катталуучуларынын алдында укуктук, моралдык милдетин жана жоопкерчилигин сезиши керек. Алар жарнама кыла беришсин, бирок ал продуктунун мыйзамдуулугун, сапатын биринчи тактап, анан элге жарнама кылса", - деди депутат.
Токтошев ар кандай дары-дармектер жарнама болуп жатканын эске салып, блогерлерди жарнама кылууда кылдаттык менен мамиле кылууга үндөдү.