Балбак Түлөбаев Чоң-Кемин өрөөнүндөгү алтын кенин казууга эл каршы болуп жатканын айтты

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Далпран алтын кенин казууга жергиликтүү эл каршы болуп жатканын айтты.

"Кемин районундагы Шабдан айылынын ары жак тарабындагы тоодо Далпран деген алтын кени бар. 2019-жылы чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1 тонна 200 килограмм алтын бар экен. Чоң-Кемин өрөөнүндө 8 айыл бар. Барып жүргөндөр билет, укмуштуудай кооз жер. Кен казууга эл "уруксат бербейбиз" деп жатат. Ал жер аябай кооптуу. Өкмөттөн суранабыз, ушул Далпран кенин иштетпей эле койсунчу. Тынч жаткан 8 айылды дүрбөлөңгө салып, экологиясын булгабай эле койсунчу", - деди эл өкүлү.

Түлөбаев эл "андан көрө Ак-Түз кенин иштеткиле" деп жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 12.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан