Депутат Токтошев мектептерге жаңы сабак киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-февралдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабак киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жарандар финансылык сабаттуулуктун жоктугунан шылуундардын кылтагына илинип калууда.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар акчаны кантип сактоо, туура пайдалануу жана көбөйтүү боюнча билими жоктугунан пирамидалык алдамчыларга алданып, каржылык кыйынчылыктар келип, эки-экиден соттошуп калууда. Мындай көрүнүштөр биздин өлкөдө өтө көп орун алды. Биздин элге азыр финансылык сабаттуулук керек. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн финансылык сабаттуулук деген сабакты мектептерге мамлекеттик программа менен киргизүүнү сунуштайм", - дейт эл өкүлү.

Депутат финсабатты жайылтуу үчүн алгач ЖОЖдордо, колледждерде, лицейлерде атайын курсттарды өтүш керек деп эсептейт.

"Каржы тармагына тиешелүү бардык органдар онлайн курстарды, бекер вебинарларды бардык аянтчаларды өткөрүп, элге маалымат жеткирүүсү зарыл.

Андан тышкары Билим берүү министрлиги программа кабыл алып, мектептерге жана институттарга тез арада киргизиши керек", - деп кошумчалады ал.

12.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан