Милиция Бишкектеги мектеп окуучусунун өлүмү боюнча маалымат берди

Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалымдагандай, маркум өспүрүмдүн атасы милицияга кайрылып, мугалимдерге жана окуучуларга чара көрүүнү өтүнгөн. Факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иш райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Айта кетсек, бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун айтып чыкты. Анын айтымында, окуя 21-январда мектептин ажатканасында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан