Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна эскертүүлөрдү берип, айып пул салганын билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 26-мартта аталган институтта пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.
"Анын жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23 миң сом административдик айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген", - деп билдирди министрлик.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыгып, түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен улам анда жаткан эки адам каза болду.