"Кыйратам деди эле, кана?!" Депутат Акылбек Жапаров менен Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүндөгү Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу жерди жергиликтүү элге берүүнү суранды.

Депутаттын айтымында, жерди эл 3-4 жылдан бери "бизге бергиле" деп суранып келе жатат.

"Ал жерде Кургак учук ооруканасынын санаторийи бар, аларга өзүнүн ичиндеги жер эле жетет. Сырттагы аймакты элге берип эле койбойлубу? 3 жыл болду. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри (ред: Алымкадыр Бейшеналиев) менен премьер-министр Акылбек Жапаров экөө "өзүбүз иштетебиз, кыйратабыз" деди эле, кана?! Өтүнүч, ошол жерди элге эле берип койсунчу, иштете берсин. Алар ошол жерге бир нерсе сээп, өлкөнүн экономикасына пайда алып келет", - деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңеш 12.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан