Депутаттар мектепти бүткөндө эле айдоочулук күбөлүк берүүнү сунушташты

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов мектеп окуучуларына жол эрежелерин окутууну сунуштады.

"Унаа мектептери жогорку класстын окуучулары үчүн айына же жумасына бир жолу барып, жол эрежелерин окутуп, үйрөтүшсө. Себеби мектепти бүткөн балдардын баары эле унаа айдагысы келет экен", - деди ал.

Эргешов бул боюнча Билим берүү менен Ички иштер министрликтерине жана "Унаа" мекемесине тапшырма бериш керектигин айтты.

Кесиптешинин сөзүн эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев колдоого алып, 11-классты бүткөндө айдоочулук күбөлүк берүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи.

"Мурун СССР убагында ушундай эле, жол эрежелерин окутуп, айдоочулук күбөлүк беришчү. Акыркы учурда жол эрежесин бузгандар көп болуп жатат. Экзамендерден дагы өтө албай жатышат. Муну 10-11-класстарга киргизип койсо, эки жыл окушса жакшы болмок. Азыр заман талабы ошондой болуп калды. Балдар, кыздар мектеп жашынан баштап эле унаа айдаганды кыялданышат. Эгер жогорку класстарга окутсак, анан айдоочулук күбөлүк алыгысы келгендер 11-класста экзамен тапшырса болот да", - деди Кыдыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан