Бекешев Орусия кыргызстандыктарга дүйнөдө бир да мамлекет киргизбеген чектөөлөрдү колдонуп жатканын айтты

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын банк карталары иштебей калган окуялар боюнча Тышкы иштер министрлиги жакшы иш алып барбай жатканын билдирди.

Эл өкүлү Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин, бирок кыргыз жарандарына дүйнөдө бир да мамлекет киргизбеген чектөөлөрдү колдонуп жатканын белгилеп, маселени чечүү керектигин айтты.

Стратегиялык өнөктөш өлкө өзүнүн дос мамлекетине кантип мындай мамиле жасайт деген суроо туулбай койбойт. Бул геосаясат, тышкы саясат. Муну мамлекет башчылары чечиши керек. ЕАЭБде мындай болбошу зарыл. Биз ал жакта экинчи сорт катары каралбашыбыз керек”, - деди Бекешев.

Жогорку Кеңеш 12.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан