Арзыбек Кожошев БУУ ЕЭКтин сессиясында ЕАЭБдеги транспортту декарбонизациялоо боюнча иштер жөнүндө айтып берди

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин 87-сессиясында сөз сүйлөдү. Сессиянын негизги темасы транспорт тармагындагы көмүртек изин азайтуу болду, анткени ал бүткүл CO2 чыгаруулардын төрттөн бирин түзөт.

Өз сөзүндө Арзыбек Кожошев транспорттун өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгилеп кетти.

"Бүгүнкү күнү биздин жашообузду транспортсуз элестетүү мүмкүн эмес. Ал экономикабыздын көптөгөн тармактарынын иштешин камсыз кылат, ошол эле учурда стратегияларды жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгууда анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин эске алуу маанилүү", - деди ЕЭК министри.

Ал Евразия экономикалык комиссиясынын климаттык күн тартибин илгерилетүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө туруктуу экономикалык өсүштү колдоо боюнча кабыл алып жаткан чаралары тууралуу айтып берди. Айрыкча 2023-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өткөрүлүп келе жаткан "Жашыл Евразия" Эл аралык климаттык конкурсуна көңүл бөлүндү. Конкурс көмүртек чыгарууларын азайтууга багытталган мыкты технологияларды издөө жана киргизүү үчүн платформага айланды. Анын алкагында 12 өлкөдөн 300дөн ашык долбоор катышты.

"Бир гана бардык деңгээлдерде тыгыз кызматташтык транспорт тармагын жакшыртууга гана эмес, айлана-чөйрөгө жана климатка тийгизген терс таасирин азайтууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан