
“Ош” эл аралык аэропортунда бүгүн, 12-февралда учактардын конууларына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө караганда, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгүнө байланыштуу кабыл алынды.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин маалымдады.