Африканын түштүк батышындагы Ангола өлкөсүндө холера инфекциясы күчөп, 100дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Андагы маалыматка караганда, оорунун жайылышы январь айынан тарта башталып, жалпы 3402 учур катталган. Ал эми оорунун кесепетинен улам 114 адам каза болгон.
Өлкөдө февраль айынын башында холера инфекциясынын 100дөн ашуун жаңы учуру аныкталган. Учурда инфекцияны тастыктоо үчүн ооруканаларда мүмкүнчүлүктөр чектелүү болуп, күнүнө 20га жакын гана адам текшерүүдөн өтүп жатканы айтылды.
Аталган оору учурда бир нече аймактарга таркап кеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин дүйшөмбү күнү жарыяланган маалыматына ылайык, холерага каршы 925 миңден ашуун адам эмделген. Бул Ангола өлкөсүнүн калкынын санынын 86 пайызын түзөт.