
"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси
Манасбек Самидинов өлкөдөгү бардык аэропорттордун кызматкерлери үчүн жаңы талап киргизилип жатканын билдирди.
Ал кабарлагандай, ушул жылдын февраль айынан баштап кызматкерлер төш камераларды тагына башташат.
"Бул чара өлкөнүн аэропортторундагы тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, коопсуздукту жогорулатууга жана кызматкерлердин ишин көзөмөөлдөгө багытталган. Төш камералар жүргүнчүлөрдү тейлөө учурундагы маанилүү окуяларды каттап, талаштуу кырдаалдарда объективдүү баа берүүгө жардам берет.
Камералар чыр-чатактарды алдын алууга көмөктөшүп, ошондой эле окуяларды иликтөө үчүн маанилүү инструмент болуп кызмат кылат. Бул технологиянын киргизилиши дүйнөлүк стандарттарга ылайык келүү менен жүргүнчүлөр жана тейлөөчү персоналдын ортосундагы ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт", - деп жазды Самидинов.
Төш камералар ишке киргизилгенден кийин бардык аэропорттордун кызматкерлери тиешелүү окуудан өтүшөт. Камералар белгилүү бир кырдаалдарда видеону автоматтык түрдө жаздырып турат. Ал эми жазылган маалыматтарга окуяларды иликтөөгө ыйгарым укуктуу адамдар гана кире алышат.