Жайыл районунда 59 жаштагы адамды бычактаган деген шек менен 55 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 8-февралда райондук ооруканадан бир жаран бычактан алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө шектүү 8-февраль күнү жабырлануучунун Сосновка айылындагы үйүнө карызын алуу үчүн барганы, ортодо чыр чыгып, ал бересе адамды бычак менен сайып салганы аныкталган. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.