Бүгүн, 12-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Нурдан Орунтаевди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов талапкер тууралуу маалымат берип, президенттин сунушу менен тааныштырды. Жыйынтыгында комитет Орунтаевди министр кылып дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.
Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кылып өзгөрткөн. Мамлекет башчысы министрдин милдетин аткарууга аталган агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаевди дайындаган.