ИИМ укук тартибин бекемдөөгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган кадрдык чечимдерди ишке ашырууну улантууда. Анын алкагында бир нече аймактык бөлүмдөрүндө ротация болуп, жаңы жетекчилер дайындалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, министрдин буйругуна ылайык 6 бөлүмгө жаңы жетекчи келди.
- Тилек Түкебаев Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;
- Эрназар Дуйшекеев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ башчысы болуп дайындалды;
- Талантбек Аттокуров Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;
- Уланбек Аалиев Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;
- Жумгалбек Абиев Чүй облусунун Москва районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды;
- Акылбек Бекишов Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ИИБ башчысы болуп дайындалды.
“Бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле оперативдүү кырдаалды башкарууну оптималдаштыруу максатында жетектөөчү курамды ротациялоо жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги тарабынан Октябрь РИИБде текшерүү жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, эскертүүлөрдү алган.