"Быйылкы туулган күнүм эң өзгөчө..." Алып баруучу Максат Довранов 37 жашка толду 

Бүгүн, 12-февраль – алып баруучу, тамада Максат Доврановдун туулган күнү. Ал бул жылы 37 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктап байланышканыбызда бул жылдагы туулган күнү эң өзгөчө экенин айтып өттү.

"Туулган күндүк маанай эң сонун. Бул жылдагы туулган күнүм эң өзгөчө, себеби кызым менен тосуп жатам. Кызыма кечээ 8 ай болду.

Баарыбыз эле карып бара жатканыбызды моюнга алабыз. Бирок менин жашоомдо бардык нерсе кеч болуп жатат. Кеч үйлөндүм, кеч балалуу болдум. Балким, ошол себептен чыгар, мен өзүмдү азыр 25-26 жаштагыдай сезем. Негизи быйыл менин мектепти бүткөнүмө жыйырма жыл болуп калды, кээде туруп өзүм дагы таң калып кетем", - деди ал.

Ошондой эле алып баруучу мырза эң сонун күндөрү балалык кездеги атасы бар учур экенин кошумчалай кетти.

"Бардыгыбыз үчүн эле балалык кез эң сонун болсо керек. Эч нерсе менен ишиң жок, баары даяр. Мен атамдан 6-классымда эрте ажырап калдым. Ошол себептенби, балалык кезим, атам жанымда болгон учурларымды жакшы көрөм", - дейт Довранов.

Максат Довранов 1988-жылы 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кесиби – модельер-конструктор.

Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккан. Кийин ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор, “Кутман таң” көрсөтүүсүнүн жана "УТРК Музыка" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенген.

Белгилей кетсек, Максат Довранов кесиптеши Алтынай Манасбековага 2023-жылдын июнь айында баш кошкон. Учурда түгөйлөрдүн бир кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан