Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстанда күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Касымалиев Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, бул жаатта алдыңкы тажрыйбаларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди. Masdar компаниясынын аткаруучу директору кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү жана долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашышты. Үстүбүздөгү жылы компаниянын жумушчу тобу Кыргызстанга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.