Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубайда Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилери, анын ичинде экономикалык байланыштарды чыңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Соода-экономикалык, инвестициялык жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөлөрүндө стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан