Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев унаанын терезелерин караңгылатууда жеңилдиктерди караштырып чыгуу керектигин айтты.
Ал парламентке транспорттун терезесин караңгылатууга уруксат берүү боюнча мыйзам алып келингенде анын наркы 20-40 миң сом деп айтылганын, бирок кийин 80 миң сом болуп кеткенин билдирди.
"Бааны унаанын үлгүсүнө жараша бөлсө болобу? Кымбат баалуу унааларга башка баа, анан арзаныраак унааларга башка кылып. Азыр акчасы барларга мүмкүнчүлүк берилиптир, ал эми карапайым жарандарга жок болуп жатат. Унаанын баасына жана классына карап орто жашагандарга арзандатып, 15 миң сом кылып койсоңор. Анткени кээ бир адамдын күндөн аллергиясы бар экен", - деди Кыдыкбаев.
Учурда унаанын терезесин караңгылатуу 50 миң сом турат.