
Бүгүн, 12-февралда аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Чүй облусунун унаа жолдорунда туман болуп жатат. Бул тууралуу облустук ЖКККБ кабарлады.
Мындан улам жол инспекторлору айдоочуларды жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин жана унаалар менен болгон аралыкты сактоого чакырат.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда кызмат өтөөдө.