Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев жол тескөөчүлөр тарабынан абхаз, армиян номурундагы унаалар айып короого камалып жатканын айтып, анын мыйзамдуулугуна кызыкты.
Ички иштер министринин орун басары Октярь Урмамбетов бул иш менен Бажы кызматы алектенерин белгилеп, МАИ кызматкерлери унааны Бажы кызматынын кызматкерлери менен бирге рейд өткөргөндө гана токтотуп берерин билдирди.
"Унааны текшерип, камакка алууну Бажы кызматы жүргүзөт. Алардын катышуусу жок, биз айып короого киргизе албайбыз", - деди ал.
Ошондой эле Урмамбетов бүгүнкү күндө Бажы кызматынын айып короосунда 900дөй унаа турганын кошумчалады.