Кытайдан өлкөгө киргизиле турган 26 тонна картошка кайра артка кайтарылды. Себеби

Кытайдан ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытайдан ташылып келген 26,13 тонна картошканы текшерүүдөн өткөрүп, фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган.

"Жүктүн таңгагында тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу 26,13 тонна картошка жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан