Кыргызстандын бир катар кызмат адамдары ЖККУнун сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, 28-ноябрда Астана шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өлкөдөгү бир катар кызмат адамдарына ЖККУнун сыйлыктарын тапшырды.
Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү ЖККУнун I жана II даражадагы Ардак белгилери, ЖККУнун Ардак грамоталары, ошондой эле “Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн” жана “Тынчтыкка бирге” медалдары менен сыйланышты.
ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси:
ЖККУнун II даражадагы Ардак белгиси:
ЖККУ ЖКК Ардак грамотасы:
"Жамааттык коопсуздукту чыңдаганы үчүн" медалы: