Казакстандын Астана шаарында өспүрүм 5 жашар балага бычак менен кол салды. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифтте болгон. Анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда өспүрүм жаш балага бир нече жолу бычак сайып жибергенин көрүүгө болот.
“Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Анын мыйзамдуу өкүлдөрү милицияга чакырылып, алар тарбиялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылышат”, - деп айтылат милициянын маалыматында.
Ал эми жабыркаган бала ооруканада экендигин маалымдалды.
“Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кол салган өспүрүм керектүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин дароо белгиленген тартипте изоляцияга алынат”, — деп кошумчалаган милиция.