Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда чыккан өрттүн болжолдуу себебин атады.
Министрдин айтымында, өрт аталган институттун жер төлөсүндө жайгашкан аккумулятордун жарылуусунан улам келип чыккан.
"Учурда тиешелүү органдар өрттүн себебин аныктап жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт жер төлөдөгү аккумулятордун жарылуусунан келип чыккан. Аталган зат күч менен жарылгандыктан эшикти кошо түртүп кеткен. Андан кийин түтүн башталган. Ал жердеги кароолчу катуу чыккан үндү угуп, жер төлөгө түшкөндө, ал жакта түтүн башталганын көргөн. Кароолчу дарыгерлерге тезинен ал жактагы адамдарды эвакуация кылуу керектигин айткан. Түтүн 5-кабаттан башталган. Ал жакта операция блогу жайгашкан болчу. Андан кийин башка кабаттарга тарап кеткен. Бардык бейтаптар ал жактан Улуттук кардиологиянын жандандыруу бөлүмүнө которулган", - деди министр.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыгып, түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен улам ал жакта жаткан эки адам каза болду.