Бишкек шаарында опузалоого шектелип 32 жана 31 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар борбор калаанын тургунун "кадырыңа шек келтирген видеоматериалдарды таратабыз" деп коркутушуп, андан 10 миң доллар талап кылышкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Андан аркы иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди таратууга катышы бар экени аныкталган. Жыйынтыгында алардын 21 жана 30 жаштагы шериктери да кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Милиция 21 жаштагы жаран дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүү жана андан ары жайылтуу менен алектенгенин, ал эми 30 жана 31 жаштагылар мыйзамсыз сатууну ишке ашырып турушканын белгиледи. Кармалгандардан 400гө жакын күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер алынган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.