Милиция Бишкектеги мектеп окуучусунун өлүмү боюнча толук маалымат берди

Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 21-январь күнү мектептин ажатканасында 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулунун денесине Т.И., С.Б. жана К.Б. аттуу окуучулар жаракат келтиришкенин, анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 4-февралда ооруканада көз жумганын айткан.

Аталаган факты милиция кызматкерлери тарабынан 7-февралда эле аныкталып, каттоодон өткөн. Андан сырткары өспүрүмдүн атасынын 10-февралда жазган арызы да каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

"Өспүрүмдүн ата-энеси тарабынан жазылган арыз дыкаттык менен каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөт. Тергөө иштеринин алкагында окуянын мүмкүн болгон бардык себептери аныкталып, билим берүү мекемелериндеги коопсуздук жана алдын алуу чараларына тиешелүү маселелер каралат. Мындан тышкары көрсөтүлгөн билим берүү мекемеси менен иш алып барган укук коргоо кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык милиция тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилерин кошумчалады.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова №72 мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгонун айтып чыккан. Мындан соң Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын, иш райондук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан