Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында Google технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууга Google компаниясынын билим берүү боюнча глобалдык директору Тимоти Паолини жана компаниянын башка өкүлдөрү катышты.
Маалымдалгандай, Касымалиев санариптештирүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин, Google сыяктуу технология лидерлери менен кызматташуу өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Ал Министрлер кабинети билим берүү системасын модернизациялоого жана билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Бул багыттагы маанилүү кадам 2024-жылдын апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Google Ireland Limited” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. IT-тармагында жумуш орундарын түзүү, стартаптарды колдоо, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук жаатында адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Google компаниясынын өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.