Ош шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип, жашоочуларын карактаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 35, 29 жана 18 жаштагы жабырлануучулар батирде убактылуу жашап келишкен. Шектүүлөр 7-февралда таңкы саат 05:00 чамасында батирге кирип, жашоочуларды бычак менен коркутушуп, алардын 8 миң сомдук ILLUMINATOR үлгүсүндөгү кол саатын, 2 даана iPhone 13 Pro, 1 даана Redmi үлгүлөрүндөгү телефондорун жана 28 миң сом накталай акчасын тартып алышкан.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү делген 3 жаран 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардан далил буюм катары тартып алынган телефондор табылып алынган.
Кармалгандардын өздүктөрү такталды. Алар: