
Бүгүн, 13-февраль эртең менен борбор калаадагы "Бишкек Парк" соода борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, тутанган өрт саат 08:05те толук өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Андан жабыркагандар жок.