АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын 2014-жылдагы чек араларына кайтып келиши күмөн деп атады. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, Киев Орусиянын көзөмөлүнө алынган аймактарды эми толук кайтарып ала албайт.
"Менин оюмча, ушундай. Ооба, бул күмөндүү нерсе. Эми Украина 2014-жылдагы чек арасына кайтып келе албайт. Орусия басып алган аймактарды кайтарып бербейт", - деген Трамп.
Ошол эле учурда Трамп Орусия тарабынан оккупацияланган аймактардын бир бөлүгү Украинанын көзөмөлүнө кайтып келерин бир нече жолу кайталаган.