Трамп менен Путиндин жолугушуусу өтө турган өлкө белгилүү болду

АКШ президенти Дональд Трамп анын Орусия лидери Владимир Путин менен пландалган жолугушуусу Сауд Арабиясында болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Путин менен болгон телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эки өлкө башчысы Москва менен Украинанын ортосундагы согуш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

Буга чейин Путин менен Трамп телефон аркылуу бир жарым саат сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан